Home » People & Blogs » Баланы жазалабай туруп, муну көр!

Баланы жазалабай туруп, муну көр!

Written By BS obolo on Tuesday, Aug 27, 2019 | 05:13 AM

 
Урматтуу ата-энелер, байкелер, эжелер, балдарыңыздарга эчтемке үйрөтүүнү керекги жок, жөн гана жакшы өрнөк көрсөтсөңөр болгону. #элим #кыргызстан #кыргызча #бала Instagram баракчага катталыңыздар! https://www.instagram.com/bs_abala/?hl=ru ________________ ТЕКСТ Бул кайрылууну, суудай тунуктукта түшүндүрүү үчүн, Орус элинин бир, макалы эске түшөт: “Если человека долго называть свиньёй, то он рано или поздно, захрюкает!” Бул жогорудагы макалга, аңдоо салсак да, жада калса “свинья” деген орундука, биз өзүбүзгө ыңгайлаштырып “эшек” деп айтууну оңтойлуураак көрдүк, туурабы?! Баарыбызга маалым, азыркы ата - энелер, байкелер, эжелер, балдарын же инилерин, кандай гана сөздөр менен басмырлап, таңдайынан чаң чыккыча тилдешет! Ал сөздөрдү ордоту менен айтпасам деле, өзүңөр жакшы билесиңер... Сөз – адам затынын эң, кемелдей курч куралы! Мейли, мен бул кайрылууну башкача жободо айтайын ... Келиңиздер, мисал катары, бир учурга көз чаптырсак... 5 жаштагы кыз, апасы менен базарда жүрүп, колундагы сүтүн жерге, капысынан түшүрүп алды... Аны көргөн апасы, кекиртеги кайрылгыча кыйкырып: “Сен акмак эмне кылдың”, же ушул сыякту, ириң сөздөр айтылат, туурабы?. Эгерде сөздүн эбегейсиз күчүн, энергиясын билгенде: Анын жөн гана кылган ишин акмалайт , өзүнү эмес ... Силер кандай ойлойсуңар, кайсыл кыз, өзүнө - ишенимдүү өңуттө өсүп, жолун табат? Анын жекече, адамдык зоболун айыптаганбы, же анын кылган ишинби?! Кандай иш болбосун, анын мүчүлүштүгү, бул – сырткы түшүнүк, аны оңдоого болот, билсең кыйкырык – бакырык жардам бербейт, катачылыкты бир – гана, уктагандар кылбайт! Керек болсо, катачылык кетирүүгө, ага көбүрөөк жол бер, анткени катачылыктын кадамы, бара – бара тууралыктын тумарына айланат! Билсең, сенин эң обол тоодой катачылыгың бул, эгерде катачылык кетирген, жакыныңа, өбөк - медер , болуунун ордуна, аны кагым – силкип, ага мүмкүнчүлүк бербей, түпкү туйгу сезимин талкалап, адамдык абройуна шек келтире, басмырлаганың ... Кара, ар – бир сүйлөгөн сөздү элеке салып, электеп айтуу зарыл. Гүл, жамгыр менен өсөт, сындырма чыгалган менен эмес, ал кыйкырык – бакырыкты каалабайт ... Эмнеге дегенде, таяк же таш, сөөктү сындырат, бирок сөз, жүрөктү. Мен айтаарым, эгерде биз абайлабасак, кыялын дагы, бирге ойрон кылып, жоготуп алабыз, ал эми чынары сынган, чырпыгы эч качан жакшы болбойт!